• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Катуу шамал. 16 миллион сомдон ашык зыян келтирилген

5 Чын куран 2024 9:18 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын мэриясынын райондорундагы Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын иштеринин жыйынтыгы боюнча келтирилген зыян болжолдуу түрдө 16 749 923 (он алты миллион жети жүз кырк тогуз миң тогуз жүз жыйырма үч) сомду түздү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Белгилей кетсек, 28-мартта Бишкек шаарынын аймагында ылдамдыгы секундасына 18-26 метрге жеткен катуу шамал катталган. Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилип, ал 4-апрелде алынды.

Шаардык кызматтар тарабынан катуу шамалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам чаралар көрүлдү.

Бишкекте катуу шамалдан 10 киши жабыркады. 144 бак кулап, 13 унаа жабыркаган.

101 объекттин, анын ичинде 37 социалдык, 54 турак үйдүн жана башка объекттердин чатыры бузулган.

4 участокто троллейбус линиялары бузулуп, 10 участокто сырткы жарык берүү линиялары үзүлгөн.

Количество просмотров: 78