• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Казак активисттери Бишкекте кармалганы боюнча УКМК түшүндүрмө бере элек

1 Жетинин айы 202214:14 Бишкек Govori.TV

Ушул тушта чет жерде баш калкалап жаткан казакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы «Манас» аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин билдирди. Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокаттык жардам сурады.

«Алар өздөрүн коргоп, Казакстандан кетели дешкен. Алар пробациялык көзөмөлдө болушкан. Активисттерди эми албетте, экстрадициялашса керек. Аларды мекенине кайтарууга жол берилбеши керек»,- деген Жанара Ахмет.

Буга байланыштуу УКМК азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 49