• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Казак активисттери эмне үчүн кармалган? УКМКнын жообу

1 Жетинин айы 202217:45 Бишкек Govori.TV

Буга чейин казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетова УКМК тарабынан кармалганы кабарланган.

Бул тууралуу УКМК маалымат таратып, 26-октябрда КР УКМКнын аскер кызматкерлери тарабынан «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган учурда Казакстан Республикасынын жарандары – Ж.А.Е. жана Б.Д.Д. кармалган.

«Ж.А.Э. жана Б.Д.Д. 2022-жылдын 23-октябрында алар Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, кызматтык өткөрүү пункттарын айланып өтүп, Кордай-автодорожный постунан алыс эмес жерде (Чүй облусунун Аламүдүн районунун маңдайы) өтмөктөр аркылуу өтүшкөн.
Бул факты боюнча Казакстан Республикасынын жарандарына Ж.А.Е. жана Б.Д.Д. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети сотко чейинки өндүрүштү каттоого алган. КР Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин 1-бөлүгү менен 2022-жылдын 31-октябрында Октябрь райондук соту тарабынан кармалгандарга карата Бишкек шаарынын №1 СИЗОсуна 2 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы колдонулган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эске салсак, ушул тушта чет жерде баш калкалап жаткан казакстандык активист Жанара Ахмет Кыргызстандын атайын кызматы «Манас» аба майданынан казак активисттери Асхат Жексебаев менен Диана Баймагамбетованы кармап кеткенин билдирди. Анын ырасташынча, алар Бишкек аркылуу чет өлкөгө кетерде кармалган. Мындан улам Ахмет кыргызстандык укук коргоочуларга кайрылып, кармалгандар үчүн адвокаттык жардам сурады.

«Алар өздөрүн коргоп, Казакстандан кетели дешкен. Алар пробациялык көзөмөлдө болушкан. Активисттерди эми албетте, экстрадициялашса керек. Аларды мекенине кайтарууга жол берилбеши керек»,- деген Жанара Ахмет.

Количество просмотров: 142