• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казак өкмөтү аз камсыз үй-бүлөлөргө мектеп формасын сатып алууга көмөктөшөт

22 Жетинин айы 2022 9:07 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министрлиги мектеп формасын сатып алуу үчүн санариптик платформаны киргизүүнү пландоодо.

Маалыматка караганда, бул долбоор жергиликтүү жеңил өнөр жайды өнүктүрүүгө жана аз камсыз үй-бүлөлөргө форма сатып алууга жардам берүүгө көмөктөшөт. Пилоттук долбоорду Астанада ишке киргизүү сунушталууда.

Министрлик бүгүнкү күндө ата-энелерге ваучерлерди (товар алууну, товарга жеңилдик алууну ырастаган документ) берүү маселесин карап жатканын белгиледи. Аларды айрым дүкөндөрдөн мектеп формасын алуу үчүн көрсөтүү пландалууда.

Мындан тышкары жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө мектеп формаларын сатуу үчүн жеңилдетилген шартта орундарды берүү зарылдыгы айтылат.

Буга байланыштуу министрлик жергиликтүү товар өндүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүп, улуттук стандарттарга шайкеш продукция өндүрүүнү аныктоо зарылдыгын билдирүүдө.

Индустрия министрлиги аз камыз үй-бүлөлөргө кийим, бут кийим, мектеп буюмдарын сатып алуу үчүн жардам ата-энелердин арызынын негизинде жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө акчалай формада берилерин белгилейт.

Количество просмотров: 65