Бишкек. 27.02.2018. Govori.TV
Казакстанда кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбек тууралуу казакстандык ММКлар жаңы маалыматтарды чыгарууда. Алсак, кечээ, КТК телеканалы депутаттын катышкан кылмыш иши тууралуу жаңы маалыматтарды жарыялады. Анда белгилүү болгондой, кармалган Асылбек уулу Дамирбектин жубайы Айсулу Эрмектин да кош жарандуулугу аныкталса, депутат менен чогуу кармалган Улан Мурадиловдун жанынан казакстандык коопсуздук кызматынынатайын белгиси коюлган 92 миң АКШ доллары чыккан. “Бул контробандалык топто Казакстан менен Кыргызстандын жумушсуз тургундарынан тартып, Казакстандын бажы кызматынын кызматкерлери, чек арачылар, брокерлер менен ишкерлер, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү да болгон. Алардын мамлекеттин бюджетин айлантып өткөргөн каражаттарынын суммасы ойго келгиз. Алардын ичинен эң көп каражат кыргызстандык депутатка тийип турган”,-деп айтылат КТКнын материалында.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаты өткөн жумада Казакстанда аткезчиликке айыпталып кармалган эле.
https://www.youtube.com/watch?time_continue=42&v=hEtaiRvmRj0