• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Казак оппозиционери Марат Жыланбаев 7 жылга соттолду

30 Жетинин айы 20239:24 Бишкек Govori.TV

29-ноябрда Астана соту каттоодон өтпөгөн “Алга, Казакстан” партиясынын жетекчиси, марафончу Марат Жыланбевди 7 жылга эркинен ажарытты.

“Азаттыктын” казак кызматы кабарлагандай, сот отурумуна Жыланбаевдин жакындары, тарапташтары, ал гана эмес журналисттер да киргизилген жок.

Жыланбаевдин жактоочусу Мейиржан Доскараев өкүм чыккандан кийин алар доо арыз менен кайрыла турганын билдирди.

«Мыйзамсыз тергөө менен башталган иш мыйзамсыз өкүм менен аяктады. Апелляциялык арыз менен кайрыларыбыз шексиз», — деди жактоочу.

Бир күн мурун Марат Жыланбаев сот отурумда акыркы сөзүн сүйлөгөн. Адвокатынын кабарлашынча, ал өзүнүн күнөөсүз экенин далилдер менен белгилеп, 2016-жылы митингдерге чыга баштагандан бери саясий куугунтукка кабылып жатканын айткан.

Марат Жыланбаев май айынан бери Астанадагы тергөө абагында камакта отурат. Ал «экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө катышкан жана аны каржылаган» деп айыпталууда.

Тергөөнүн версиясы боюнча Жыланбаев чет өлкөдө жашаган оппозиционер Мухтар Аблязов жана анын «чет элдик штабы» менен байланышта болгон. Активисттин тарапташтары бул айыптоону четке кагып, кылмыш иши саясий негиздер менен козголгонун айтышкан.

Казакстандык укук коргоочулар аны «саясий туткундардын» тизмесине кошкон. Өкүм чыгардан мурун ал ачкачылык кармап, камалгандан бери 14 килограммга арыктаганы кабарланган.

Количество просмотров: 77