• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казак президенти Токаевдин Кыргызстанга боло турган иш сапары талкууланды

1 Бугу 202211:47 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын 30-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын КРдагы элчиси Рапил Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кыргыз-казакстан мамилелеринин актуалдуу жана учурдагы маселелерин талкуулашты.

Ошону менен бирге, Казакстандын президенти Токаевдин Кыргызстанга боло турган иш сапары кеңири талкууланды. Бул иш- чаранын алкагында биргелешкен пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруусуга өзгөчө көңүл бурулду.

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты өз ара өнүктүрүү ниети билдирилди, кыргыз-казакстан дипломатиялык мамилелерин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгынын алкагында биргелешкен маданий иш-чараларды өткөрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле эл аралык уюмдардын жана регионалдык бирикмелердин алкагында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Количество просмотров: 155