• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Казак президентинин учагы Тамчыга конду (видео)

2 Кулжа 202310:58 Бишкек Govori.TV

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «Европа Биримдиги — Борбордук Азия» экинчи саммитине катышуу үчүн Чолпон-Ата шаарына келди.

Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Мунун алдында Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов менен Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Кыргызстанга келген.

Количество просмотров: 119