• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакбаев расмий иш сапары менен Кытайга барат

10 Бугу 2021 9:06 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 2021-жылдын 8-майында Борбордук Азия-Кытай форматындагы тышкы иштер министрлеринин экинчи жолугушуусуна катышуунун алкагында (2021-жылдын 10-12 майында, Сиань шаары) Кытай Эл Республикасына расмий сапарынын алдында Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле эки өлкөнүн Тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын алдыдагы боло турган сүйлөшүүлөрүнүн күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду.

Кытай элчиси Ду Дэвэнь кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдын кесепетинен курман болгон Кыргызстандын жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Ошондой эле Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү болуп, КРнын жетекчилиги тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы окуяларды тынчтык жолу менен чечүү, аймакта тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо боюнча аракеттерди кубаттады.

Кытай тарап дипломатиялык аракеттер менен сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтыкка жана стабилдүүлүккө жетишүү камсыздалат деген ишенимин билдирет.

Количество просмотров: 79