• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Доганды кабыл алды

19 Чын куран 2022 20:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-апрелде тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доганды кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк стратегиялык кызматташтыгынын учурдагы күн тартибин талкуулап, бардык деңгээлдеги кыргыз-түрк саясий диалогунун учурдагы жогорку деңгээлин белгилешти. Ошондой эле алдыдагы иш-чаралардын жана пландаштырылган бийик жана жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын графигин карап чыгышты.

Министр Казакбаев эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн айтып, соода жүгүртүү көлөмүн көбөйтүүгө, долбоорлорду ишке ашырууга, эки өлкөнү кызыктырган инвестициялык фондду түзүү жана кыргыз-түрк өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги Соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын (IGC) жыйынын өткөрүү маселесине маектешинин көңүлүн бурду.

Мындан тышкары, министр Түрк мамлекеттер уюмунун жана Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясында (ТүркПА) кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында Тараптардын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантууга маани берүү менен кыргыз тарап жүргүзүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүн кошумчалады.

Количество просмотров: 87