• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Кыргызстандыктар Түркияда канча күн визасыз жүрө алат? Элчинин түшүндүрмөсү

20 Бирдин айы 2024 16:20 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев кыргыз жарандарынын Түркия өлкөсүндө визасыз жүрүү тартиби тууралуу түшүндүрмө берип, төмөнкүлөргө токтолду.

«Азыркы учурда мурунку эле визасыз режими иштеп жатат, 90 күнгө чейин визасыз режим бар. Бирок, өткөн жылдан баштап Түркияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарга карата катаал текшерүүлөр башталды. Мыйзамсыз жүргөндөр өлкөдөн чыгарылды, алардын арасында биздин да жарандар бар. Бул жылы көптөгөн сүйлөшүүлөр жүрдү. Баарына түшүнүктүү болуусу үчүн 90 күндүк визасыз режими бар. Бирок, жайкысын биздин жарандар тарабынан да визасыз режимди бузуулар көбөйөт, себеби, жер ортолук деңиздеги курортторго барып иштешет. Антальяда курорттук сезон 7 айдан ары болгон үчүн, кийин көпчүлүгү мыйзам бузуп жүргөн мигранттарга айланып калышат. Анан сыртка чыккандан кийин ал 90 күндүк режим 180 күндүн ичинде деп аталган ошондуктан 90 күндөн кийин сыртка чыккандан кийин дагы 3 айдан кийин гана кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар. 180 күндүн ичинде 90 күнү визасыз режим. Бул 90 күн туристтик гана максатка ылайыкталган», — деди Руслан Казакбаев.

Элчи өткөн жылга чейин туристтик виза менен Түркияга кирип андан ары жумуш визасына алмаштырып алуу мүмкүнчүлүгү бар болгонун, бирок, азыр андай мүмкүнчүлүк болбой калганын кошумчалады.

Элчи тараптар Түркияда жүргөн кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди алты айга чейин узартууну да макулдашканын белгиледи.

«Түркия үч айга берилген туристтик визанын мөөнөтү бүткөн жарандар жумуш таап, өлкөдө жүрүүсүн мыйзамдаштырып алышы үчүн акыркы эскертүү жана мүмкүнчүлүк берип жатат», — деди Руслан Казакбаев.

Анын айтымында, Түркияда 20 миңдей кыргызстандык бар, ал эми жайкысын алардын саны 40 миңге чейин жетет.

Количество просмотров: 108