• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмүн иликтеген комиссияны Байсалов жетектейт

20 Кулжа 202219:45 Бишкек Govori.TV

Саясат таануучу Марат Казакпаевдин жана «Айыл Банктын» төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаевдин өлүмүн иликтөө үчүн түзүлгөн комиссияны Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, комиссиянын курамына акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин, мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Казакпаев менен Асанбаевдин жакындары кирген.

Президент Садыр Жапаров ушул эле күнү кечке жуук саясат таануучу Марат Казакпаев менен Бакыт Асанбаевдин өлүмүн бейтарап изилдөө үчүн комиссия түзгөн.

Количество просмотров: 100