Бүгүн, 11-апрелде саат 12:40ка карата Казакстанда дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, жаңы учурлар Алматы (9), Нур-Султан (2) шаарларында, Караганда (1), Павлодар (5) облустарында жана Шымкент (2) шаарында катталды. Бүгүнкү күндө Казакстада коронавирус жуктургандар 859 адамга жетти.
Кыргызстанда 339 учур катталып, 5 адам көз жумду.
Өзбекстанда коронавирус жуктургандар 700 адамга чукулдап калды.