• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Казакстан АЭС курууну жалпы элдик референдум менен чечсе, бизде кыргыз бийлиги эле чечет

25 Жетинин айы 202417:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 25-ноябрда Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Раимкулова Кыргызстан атомдук электр станциясын (АЭС) курууга даяр эместигин билдирди.

“Атомдук электр станция курууга азырынча даяр эмеспиз. Анткени бизде укуктук-ченемдик актылар жок. Дагы анализ жүргүзүшүбүз керек. Кайсы мыйзамдарыбыз, ченемдик-укуктук актыларыбыз жок болсо, ошолорду толуктоо иштери жүрүүдө”, — деди ал.

Бүгүнкү жыйында «Кыргыз Республикасы менен Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө Келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу жөнүндө макулдашууга жаңыртылган Протоколду кабыл алуу жөнүндө МАГАТЭге жооп катты жактыруу тууралуу» КР Министрлер Кабинетинин тескемесинин долбоору каралды.

Депутат Алишер Эрбаев Министрлер Кабинетинин Россиянын “Росатом” корпорациясы менен АЭСтерди куруу боюнча кызматташуу меморандумуна кол койгонун эске салды.

Эске салсак, 2022-жылы эле КР Министрлер Кабинети «Росатом» менен АЭС куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштаган жана чакан АЭСтерди куруу жаатында кызматташуу меморандумуна кол койгон.

Ал эми Казакстандын бийлиги АЭС куруу боюнча маселени жалпы элдик референдум менен чечкенин да эске сала кетмекчибиз.

Количество просмотров: 145