Казакстан АКШга «визасыз режим» киргизүү үчүн Орусиянын макулдугу керек
Казакстан АКШга «визасыз режим» киргизүү үчүн Орусиянын макулдугу керек
16 Жалган куран 201814:44 Бишкек Govori.TV
Бишкек 16.03.18 Govori.tv
Бул тууралуу Россия Федерациянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москвада өтүп жаткан «Россия мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү» атту форумда билдирди. Форумдун катышуучусу министр мырзага Казакстандын АКШга «визасыз режим» киргизиүүсү орус-казак мамилесине кандай таасир тийгизет?-деген суроо берди.
«Мен чынын айтсам бул тууралуу кабарым жок. Эртең Астанага барам. Ошондо кесиптешим жана досум Кайрат Абрахманов менен бул тууралуу сүйлөшөм. Себеби мындай маселелер «визалык режим» иштеп жаткан ЕАЭБдин алкагында макулдашууну талап кылат деди»,-Сергей Лавров.
Эске салсак 2018-жылдын январь айында Нурсултан Назарбаев АКШ президентти Дональд Трамп менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташуусун күчөтүү максатында Казакстанга АКШ жарандары үчүн визаны алып салаарын айткан. Ошондой АКШ дагы ушундай эле жооп кайтараарына үмүт бар деген.