Казакстанда Энергетика министрлиги биринчи атомдук электр станциясын куруу үчүн жерди аныктады. Бул тууралуу Tengrinews.kz. жазды.
Маалыматка караганда, Касым-Жоомарт Токаевдин Казакстанда атомдук энергетиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө боюнча тапшырмасын аткаруу максатында реактордук технологияларды тандоо, кубаттуулуктун көлөмүн жана курулуш аянтын аныктоо боюнча мурунку изилдөөлөрдү жаңылоо боюнча иштер жүргүзүлдү.
«Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында атомдук электр станциясын куруу үчүн эң артыкчылыктуу аймак катары Алматы облусунун Жамбыл районундагы Улкен айылынын аймагы тандалды», — деп жазылат маалыматта.
Белгиленгендей, Казакстан Республикасынын “Атом энергиясын пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын 12-беренесине ылайык, өзөктүк түзүлүштөрдү куруу жана куруу аянты жөнүндө чечимди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугу менен өкмөт кабыл алат. Ошол эле учурда маслихат жергиликтүү өкүлчүлүк органы болуп саналат.
Казакстан Республикасынын Энергетика министрлиги атомдук электр станцияларын куруу боюнча референдум болбой турганын кошумчалаган.