• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстан: Башына ок жеген жоокердин сөөгү табылды

10 Тогуздун айы 2023 9:18 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Улуттук гвардиясына караштуу №6636 аскердик бөлүгүндө Темиртау шаарынан армияга чакырылган жоокердин сөөгү табылды.

Улуттук гвардиянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө жоокер «куралы менен өзүн башына атып алганы» жазылган. Окуя 9-октябрга караган түнү саат 1:20ларда болгон.

Мекемеден бул боюнча кызматтык тергөө башталып, окуянын чоо-жайын аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалашты.

Өткөн жылдын башынан бери Казакстанда Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан ондон ашык жоокер каза болду.

Количество просмотров: 121