• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Казакстан быйыл сууну Орусиядан кымбат сатып алат

26 Бугу 2021 15:16 Бишкек Govori.TV

2021-жылы Казакстан Орусияга суу үчүн былтыркыга караганда көп каражат төлөйт, бирок аз көлөмдө суу алат. Бул тууралуу 25-майдагы брифингде Батыш Казакстан облусунун акими Гани Искалиев билдирди.

— Былтыр 180 миллион кубметр суу үчүн үч миллиард теңге төлөдүк. Быйыл Орусияга 4,2 миллиард теңге төлөө пландалып жатат, бул 140 миллион куб суу болот. Суу Саратовдон келет, ал жакта электр энергиясынын тарифи өзгөргөн. Бул сууну Волга дарыясынан 92 метр жогору чыгарышат. Ошондуктан насос станциясынын чыгымын да төлөгөнгө мажбурбуз, — деди Искалиев.

Суу ресурстары боюнча талдоочу Мейрам Жумабековдун айтымында, Казакстан Орусияга сууга караганда насос станциясы үчүн көбүрөөк акча төлөйт.

— Волгадан суу Чоң жана Кичи өзөнгө келе турган канал бар, бирок сууну андан ары агызуу үчүн насос керек. Ошондуктан суу чыгымы көбөйдү. Чыгымга «Саратовмелиоводхоз» жумушчуларынын акысы да кирет, — деп түшүндүрдү Жумабеков.

Маалыматка караганда, Казакстан Орусиядан сатып алган сууну Батыш Казакстан облусунун кургакчыл райондорундагы айыл чарба муктаждыктарына, мал сугаруу, балык чарбачылыгына жана кичи каналдардын системасына жумшайт.

Количество просмотров: 295