• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду

11 Чын куран 2022 12:29 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинен тартып Казакстан чек арасындагы жүргүнчүлөргө койгон чектөөлөрдү жойду. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, 11нен 12-апрелге караган түнү саат 00:00дөн тартып Кыргызстандын жарандары мамлекеттик чек арадан «Ак-Жол унаа жолу» бекети аркылуу эч кандай жүйөөсүз өтө башташты.

Кыргызстандын жарандары кыргыз-казак чек арасынан «Чалдыбар унаа жолу», «Ак-Жол унаа жолу», «Кең-Булуң унаа жолу» жана «Токмок унаа жолу» бекеттери аркылуу өтө алат.

Бош транспорт каражаттары чек арада жайгашкан «Кең-Булуң унаа жолу» бекетинен өтө алышат.

Чек арадан өткөн КР жана чет элдик жарандардын жанында акыркы 72 сааттын ичинде тапшырган ПЧР тесттин справкасы же болбосо COVID-19га каршы эмдөөнүн паспорту болушу керек.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кошумчалагандай, Казакстандын көзөмөл-өткөрүү бекеттери аркылуу Россиянын аймагына кирүүгө ниеттенген Кыргызстандын жарандары Россиянын элчилигинен кирүү маселеси боюнча маалыматты тактоосу керек.

Количество просмотров: 160