• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстан кант экспортуна тыюу салды

7 Бугу 2024 15:39 Бишкек Govori.TV

Казакстан 2024-жылдын 31-августуна чейин кантты экспорттоого тыюу салды. Мындай чечимди мекемелер аралык комиссия «казакстандыктарды кант менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн» кабыл алганы айтылды.

Убактылуу тыюу үчүнчү өлкөлөргө, анын ичинде Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөргө (шаркетке Армения, Беларус, Кыргызстан жана Орусия кирет) да тиешелүү. Бирок бул чара эл аралык транзитке жайылтылбайт. Бул тууралуу Казакстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Казак өкмөтүнүн маалыматына караганда, учурда кампалардагы канттын запасы жана импорттун көлөмү болжол менен 256 миң тонна, бул өлкөнүн жылдык керектөөсүнүн жарымына жакынын түзөт.

Өткөн аптада орус өкмөтү да жайдын соңуна чейин кантты экспорттоого убактылуу тыюу салган. Бирок Казакстан үчүн 120 миң тонна экспортко уруксат берилери, ошондой эле ЕАЭБдин башка мүчөлөрү үчүн да артыкчылык бар экени айтылган.

Количество просмотров: 70