• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Казакстан ӨКМи жаңы министр үчүн кутаруучулардан акча чогултулуп жатканын четке какты

2 Тогуздун айы 2023 16:56 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы министр Сырым Шарипхановго акча чогултулуп жатканы тууралуу билдирүүнү четке какты.

1-октябрда журналист Ботагөз Омарова Facebook баракчасына Түркстан облусунун куткаруучуларынан наамына жараша 20 жана 50 миң теңге (азыркы курс боюнча 40 жана 105 доллар) акча чогултулганын жазган. Маалыматты ал ӨКМдин майору Зуляхан Гасановдон алганын айткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалымат чындыкка коошпой турганын, кезектеги чагым экенин билдирди.

Мекеме «ар бир айтылган факты боюнча» иликтөө жүргүзүүгө убада берди. Расмий маалыматка караганда, Гасанов буга чейин да ушундай маселелер менен министрликке бир нече жолу кайрылган, бирок текшерүүнүн жыйынтыгында ал көрсөткөн жүйөлөр тастыкталган эмес. Ал май айында иштен бошотулган, учурда жарандык коргоо органдарында иштебейт.

Март айында жергиликтүү агенттиктер Түркстан облусунун Сузак районундагы өрт өчүрүү бөлүмүнүн башчысы Зуялхан Гасанов ӨКМ кызматкерлерди «Казакстан куткарушылары» журналына жазылууга мажбурлап жатканын айтып, прокуратурага арыз жазган.

Гасанов өрт өчүрүүчүлөр өз көйгөйлөрүн ачык айтууга батынбай турганын билдирген. Анын айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги болжолдуу эсептөөлөр боюнча, мындай жол менен жыл сайын «кеминде 300 миллион теңге» чогултушу мүмкүн.

Жаңы министр акча чогултуу фактылары боюнча комментарий берген жок. Сырым Шарипханов өзгөчө кырдаалдар министри болуп июнь айында дайындалган. Мурдагы министри Юрий Ильин «Семей Орманы» коругундагы адам өлүмүнө алып келген токой өртүнөн улам кызматтан алынган.

Количество просмотров: 65