• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстан Кыргызстандан кондитердик азыктарды алып кирүүгө уруксат берди

10 Үчтүн айы 2018 14:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.10.01.18.Govori.TV

Казак бийлиги Кыргызстандан кондитердик азык-түлүктөрдү алып кирүүгө жана сатууга киргизилген чектөөлөрдү жойду.

Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо комитети тараткан билдирүүгө караганда, Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги “санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды” жүргүзгөнү жана “Куликовский кондитердик үйү” ишканасына карата “көзөмөлдү күчөткөнү” чектөөлөрдү алып салууга себеп болгон.

Комитет талапка төп келбеген продукцияларды сатуу тобокелчилигин төмөндөтүү үчүн жогорудагы ишканалардын товарларынын коопсуздугуна байкоо жүргүзүүнү улантарын белгилеген. Бул Евразиялык экономикалык комиссиянын чечимине жараша жүзөгө ашат.

Ноябрда “техникалык регламент талаптары бузулган” деген жүйө менен Кыргызстандан Казакстанга сүт, эт жана кондитердик продукцияларды алып кирүү токтотулган.

Количество просмотров: 5