• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстан Кытайлык казактардын таламын талашты

19 Бирдин айы 2018 10:28 Бишкек Govori.TV
Бишкек.19.02.2018.Govori.TV
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Кытайдагы этникалык казактарга кысым көрсөткөнү боюнча даттануулар ырасталганы боюнча Кытайга дипломатиялык нота бергендерин жарыялады.
Абдрахманов, журналисттерге берген маалыматында «Камакка алынган атуулдардын жакындары бизге керектүү маалыматтарды беришти. Бул маалыматтар аныкталгандан кийин дипломатиялык каналдар менен Кытайга дипломатиялык нота жибердик»,-деп айтты.
Абдрахманов, Кытайдан келе турган кеңири маалыматты, талап кылган Казакстан жарандары жана кысым астында болгону белгилеген этникалык казактардын жакындары менен бөлүшө тургандарын айтты.
Тышкы иштер министринин орун басары Акылбек Камалдинов, ноябрь айында Кытайда жашаган казактардын даттануусу боюнча Кытайдын Астанадагы элчиси Чжан Ханхуэй менен жолуккан, бирок ал жолугушуунун кеңири маалыматы берилген эмес.
Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автономиялуу аймагындагы Чинхай жана Ханс шаарларында жашаган 1,5 миллиондон ашык казак жергиликтүү башкаруунун паспорт жана башка расмий документ бербешинин себебинен чет өлкөгө чыга албай жатат.
Жергиликтүү басма сөздө чыккан кабарларга караганда Шиңжаң-Уйгур автономиялуу аймагында октябрь айында 10 казак тектүү жаран, саясий себептер менен камакка алынган, казактарга кысым жасалып жатканы алдыга коюлган.
Количество просмотров: 29