• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы 5 бекетти жапты

7 Үчтүн айы 2022 15:28 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-январда казак тараптын демилгеси менен Чүйдөгү “Кордай” ( “Ак-Жол”), “Карасу” (“Ак-Тилек”) жана Ысык-Көлдөгү “Кеген” (“Каркыра”) чек ара бекеттери жабылды.

Казак тарап чек ара бекеттеринин убактылуу жабылуусун Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей калганы менен байланыштырды.

Буга чейин “Кең-Булуң», «Токмок» автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганы маалымдалган.

Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда «Чалдыбар» жана Талас облусунда «Чоң-Капка » өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатышат.

Ошону менен бирге Кыргызстанда жүргөн Казакстандын жарандары «Ак-Жол-авто жол» (КР) — «Кордай-авто жол» (РК), «Ак-Тилек-авто жол» (КР) — «Карасу-авто жол» (РК) жана «Каркыра-авто жол» (КР) — «Кеген-авто жол» (РК) өткөрүү жайлары аркылуу чыкса болот.

Ал эми Казакстандын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандары Чүй облусундагы «Чалдыбар-авто жол» жана Талас облусунда «Чоң-Капка-авто жол» өткөрүү жайлары аркылуу гана кире алышат.

Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары Казакстандын аймагы аркылуу башка өлкөлөргө транзиттик каттоосуна убактылуу тыюу салынды.

Казакстандын чек арасындагы өткөрүү жайларда жарандардын жана транспорт каражаттарынын тыгыны байкалган жок.

Белгиленгендей, кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал 2022-жылдын саат 14:00 карата туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Количество просмотров: 243