• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы абал тууралуу үн катты

1 Чын куран 2019 15:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 01.04.2019.Govori.TV.

Кыргызстандан келген унаалар текшерүүдөн өтүүгө каршы чыгып жатат. Бул тууралуу Казакстандын Финансы министрлиги тараткан маалыматта айтылат.

Коңшу өлкөнүн маалыматында, 27-марттан баштап кыргыз-казак чек арасындагы «Карасу» өткөрмө бекетинде кытайлык жана түркиялык товарларды ташып бараткан 9 транспорттук автоунаа текшерүүдөн өткөрүлүп, бирок алардын баарынын товарды коштогон документтеринде туура эмес маалымат көрсөтүлгөн.

«27-марттан бери 40 жүк ташуучу автоунаа өз ыктыяры менен документтерин тууралап келүү максатында кайра артка кайткан. Ошол эле учурда кыргызстандык товарлардын баары визуалдык текшерүүдөн өтүп, алардан эч кандай эреже бузуу байкалган эмес», — дейт Казакстан.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы «Ак-Тилек — Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Маалыматка караганда, казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүүдө. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

Количество просмотров: 25