• Ишенби 18 Теке 2026
  • Суббота 18 Июль 2026

Казакстан Кыргызстандын жаранын Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартты

18 Баш оона 202411:17 Бишкек Govori.TV


Казак бийлиги Кыргызстандын жараны Алина Горшенинаны Орусияга экстрадициялоодон баш тартты. Мындай чечимди Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасы кабыл алды. Андан кийин Казакстандын соту аялды бошотуу чечимин чыгарганын  «Сетевые свободы» укук коргоо долбоору билдирди.


Эскерте кетсек, Алина Горшенина 1-июнда Кыргызстандан Казакстанга өтүүгө аракет кылган учурда чек арадан кармалган. Маалым болгондой, Орусияда аялга карата сот адилеттигин жүргүзүүгө же алдын ала тергөө жүргүзүүгө байланыштуу коркутуу же зомбулук аракеттери (РФ Кылмыш-жаза кодексинин 296-беренеси) боюнча кылмыш иши козголгон. Ал издөөдө жүргөндөрдүн тизмесине киргизилген. Июль айында Казакстандын соту экстрадициялоо өтүнүчү каралып жатканда Горшенинаны камакка алган.

Орус бийликтери 2023-жылы Горшенина орус сим-картасын колдонуп, 2021-жылдын январында Германиядан Орусияга кайтып келген Алексей Навальныйды камакка алууга катышкан Москва облустук сотунун судьясы Елена Морозова менен прокурор Елена Колосковага коркутуп-үркүткөн билдирүүлөрдү жөнөткөн деп айыптоодо.


Буга чейин Алинанын апасы кызына жардам берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине кайрылган: ал Алинанын ден соолугунда олуттуу көйгөйлөр бар экенин — мээсинде шишик жана гипертония бар экенин, аны экстрадициялоого тоскоол болгонун баса белгилеген.

Количество просмотров: 154