• Дүйшөмбү 8 Кулжа 2026
  • Понедельник 8 Июнь 2026

Казакстан Кыргызстанга жашыл чырагын күйгүздү

22 Теке 202420:24 Бишкек Govori.TV

Кыргыз жарандары эми Казакстанда күтүлгөндөн да көпкө жүрө алышат. Тиешелүү токтомго Казакстан Республикасынын Премьер-министри кол койду. Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иммигранттардын Казакстан Республикасына кирүү жана болуу эрежелериндеги пункттардын бирин убактылуу токтоткон өкмөттүн токтомуна кол койду.

Жаңы документ иммигранттардын Казакстанга кирүү жана болуу эрежелериндеги пункттардын бирин убактылуу токтотот.

Эрежеге ылайык, ЕАЭБ жарандары чек арадан өткөн учурдан тартып 90 күндөн 180 күндүк мөөнөткө чейин өлкөдө жүрө алышса, өкмөттүн токтому менен бул пункт убактылуу жокко чыгарылып, Кыргызстандын жарандарына Казакстанга белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин да келүүгө уруксат берилди.

Документ расмий жарыяланган күндөн тартып, он календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Количество просмотров: 181