Бүгүн, 2-февралда Казакстандын ыкчам медицина боюнча Улуттук координациялык борбору Кытайдагы 83 жаранын эвакуациялады. Алардын сексени Кытайдын Ухань шаарында окуган студенттер. Бул тууралуу Казак Өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирет.
«Алып келүү учурунда казакстандык дарыгерлер коштоп барып, бардык коргонуу чараларын көрүштү. Казакстанга алынып келинген жарандар медициналык тешерүүдөн өткөндөн кийин шаардан 7 км алыстыкта жайгашкан көп профилдүү ооруканага, атайын палаталарга (изолятор) 14 күндүк карантин менен жайгаштырылууда»,-деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, алынып келинген жарандар биринчи кезекте коронавирус боюнча медициналык көзөмөлдөн өткөрүлмөкчү жана алгачкы 14 күн аралыгында алар менен өзгөчө инфекциялар менен иштеген тажрыйбалуу дарыгерлер гана байланышат.
Белгилей кетсек, Казакстандын мамлекет башчысынын атынан Кытайга 13,6 тонна медициналык буюмдар түрүндө гуманитардык жардам берилген.
Булак: «Марал»