Казакстандын аймагында жашап турууга уруксаты бар чет өлкөлүк жарандар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө чек арадан 90 күндө бир жолудан ашык эмес өтүүгө уруксат берилет (мурда 30 күн болгон). Бул чечим Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
Ошондой эле, 2021-жылдын 1-майына чейин 57 өлкөнүн жарандарына визасыз режимди токтотуу узартылды жана 2021-жылдын 1-январына чейин КЭР жана Индиядан келген транзиттик жүргүнчүлөрдүн Казакстандын аймагына 72 сааттык визасыз келиши узартылды.
Түркия менен эл аралык авиарейстерди үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрынан тартып жумасына 33төн 20га чейин кыскартуу пландаштырылууда.