Бишкек. 25.01.2019. Govori.TV
Желектердин түсүн ушул бойдон калтырып, болгону Ислам дининин символу катары күндү айга алмаштыруу сунушу айтылды.
Казакстан менен Кыргызстандын желегиндеги күндүн ордуна айдын элесин түшүрүү керек. Мындай сунушту тажик-ооган чек арасындагы аскердик кагылышуулар ардагерлер союзунун төрагасы Мурат Мухамеджанов билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.
Демилгечи бардык түрк тилдүү мамлекеттердин ичинен эки өлкөнүн желектеринде гана айдын элеси жоктугун белгилейт.
“Ай түрк маданиятында чоң мааниге ээ. Айдын жаңырышы менен Орозо башталат-бүтөт. Мусулмандар ай календары менен жашашат”, – дейт Мухамеджанов.
Мурат Мухамеджанов мамлекеттик чиновниктердин көңүлүн бурдуруу максатында Казакстандын маалымат каражаттарына кат аркылуу кайрылуу жасаган. Ал кыргызстандыктарды да желекке өзгөртүү киргизүүгө чакырды.