• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Казакстан менен Тажикстан аба каттамдарынын санын көбөйтөт

20 Чын куран 2022 20:00 Бишкек Govori.TV

Казакстан менен Тажикстан жүргүнчү ташуучу ыраттуу каттамдарды көбөйтөт. Бул тууралуу Казакстандын Жарандык авиация комитети билдирди.

Маалыматка караганда, 25-апрелден тартып Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы Душанбе-Алматы каттамдарын жумасына бирден экиге чейин көбөйтүүнү пландоодо.

«1-майдан тартып Казакстандын «Эйр Астана» авиакомпаниясы Душанбе-Нур-Султан арасындагы рейстердин санын жумасына 1ден 3кө чейин, 1-июндан 3төн 4кө чейин көбөйтүүнү пландоодо», — деп айтылат билдирүүдө.

Натыйжада эки өлкө арасында учуулар жумасына 6 каттамга жетет.

Буга чейин Turkish Airlines авиакомпаниясы 21-майдан баштап Түркия менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдарынын санын жумасына 3кө чейин көбөйтөрүн жарыялаган.

Бул датага Душанбе-Стамбул билетинин баасы 300 доллар, кайра кайтканда 395 доллар турат. Тажикстандыг «Сомон Эйр» авиакомпаниясы да Стамбулга жумасына үч жолу учууга уруксат алды.

Количество просмотров: 59