• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстан орусиялык «Сбер» менен келишим түзүүдөн баш тартты

15 Чын куран 2022 16:13 Бишкек Govori.TV

Казакстан орусиялык «Сбер» менен санариптик өкмөт куруу тууралуу келишимден баш тартты. Нур-Султан бул долбоорду жергиликтүү ИТ- адистер менен ишке ашырат. Бул тууралуу 15-апрелде санариптик өнүгүү жана аэрокосмостук өнөр жай министри Аскар Жамбакин билдирди.

«Геосаясий жагдай менен өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү карап чыккандан кийин «Улуттук маалымат технологиялары» менен биригип, жергиликтүү IT-платформада өзүбүз ишке ашырабыз деп чечтик. Азыр техникалык-экномикалык негиздеме даярдалууда. Жергиликтүү системага эки-үч жылдан кийин өтөбүз, быйыл жыл соңуна чейин алгачкы сервистер даяр болот», — деди Жамбакин.

Былтыр сентябрда Казакстан өкмөтү орусиялык «Сбер» компаниялар тобу менен Казакстандын санариптик өкмөтүнө арналган платформа түзүү жөнүндө меморандумга кол койгон. Долбоордун наркы 500 миллион долларга бааланган.

Меморандум казак коомчулугунда түрдүү пикирлерди жараткан. Социалдык түйүн колдонуучулары, анын ичинде белгилүү IT-адистер бул өлкөнүн эгемендигине коркунуч жаратарын белгилешкен.

Марттын аягында Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновация жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги «Сбер» келишим түзүү күн тартибинде жок экенин айткан.

Количество просмотров: 168