• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстан парламенти Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды

17 Аяк оона 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Казакстандын парламенти Конституцияга сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү дароо үч окууда жактырып, документ өлкө президенти Касым-Жомарт Токаевдин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Конституциясын беш беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган мыйзам долбоорун Казакстан парламентинин эки палатасынын кароосуна юстиция министри Канат Мусин алып чыкты. Анда президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартып, бир мөөнөт менен чектөөдөн тышкары Нур-Султан шаарынын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүү жана Конституциялык соттун судьяларынын ыйгарым укуктарын сегиз жылга чейин узартуу каралууда.

Быйыл жайында Казакстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдум өткөн. Анда өлкө президентинин жакындарына мамлекеттик органдарда жетектөөчү кызматтарды ээлөөсүнө, президенттин өзүнүн саясий партияларга мүчө болуусуна тыюу салынган.

Сентябрда Касым-Жомарт Токаев Конституцияга жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Күзүндө Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт. Токаев ага талапкерлигин коюуга ниеттенип жатат.

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары борбор шаардын аталышын кайрадан Астана деп өзгөртүүнү сунуштаганы сентябрдын башында белгилүү болгон.

Астана шаары 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымынан аталып Нур-Султан деп өзгөртүлгөн. Мындай сунушту Токаев президенттик ишине киришип жатканда берген.

Количество просмотров: 52