• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Казакстан президенти Түркияга барды

11 Бугу 20229:04 Бишкек Govori.TV

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев 10-майда мамлекеттик сапар менен Анкарага келди. Бул анын мамлекет башчы катары Түркияга жасаган алгачкы сапары.

Акорда билдиргендей, Токаевди аэропортто вице-президент Фуат Октай, Анкаранын губернатору Васип Шахин тосуп алды.

Эки күндүк сапардын алкагында Токаев Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүп, бизнес-форумга катышып, Түркиядагы ишкерлер менен жолугушат.

Токаев менен Эрдоган эл аралык уюмдардын иш-чараларынын алкагында буга чейин да бир нече жолу кездешкен, бирок тар чөйрөдө сүйлөшүү болгон эмес.

Количество просмотров: 57