Казакстандын энергетика министри Алмасадам Саткалиев референдум өткөнгө чейин АЭС куруу темасындагы иштер токтой турганын билдирди.
«Атомдук электр станциясын куруу темасы боюнча референдум түрүндө улуттук диалог болот. Бул референдумдун жыйынтыгы менен кийинки кадамдар жасалат. Учурда биз бул багыттагы иштердин баарын токтоттук », — деди министр.
Министр учурда технология жеткире турган төрт өлкө – Франция, Кытай, Орусия жана Түштүк Корея караштырылып жатканын эске салды. Мындан тышкары, чакан модулдук реакторлорду куруу боюнча америкалык компаниялардын сунуштары каралууда.
Казак бийлиги референдумдун күнүн жарыялай элек. Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) эгерде мындай чечим кабыл алынса, жыл аягына чейин референдум өткөрүү мүмкүндүгүн билдирген.