Казакстанда 2028-жылга чейин аялдардын пенсияга чыгуу курагы 61 жаш деңгээлинде белгиленди. Сенат депутаттары 8-декабрда тиешелүү мыйзам долбоорун кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөтүштү.
Документ 2028-жылга чейин аялдардын пенсияга чыгуу курагын 61 жаш деңгээлинде кармоону карайт.
Мажилис комитетинин бүтүмүнө ылайык, түзөтүүлөрдө ырааттуу түрдө пенсиянын минималдык өлчөмүн 70 пайызга, максималдык көлөмүн 120 пайызга чейин көбөйтүү да каралган.
Августта Казакстандын бир катар шаарларында аялдардын пенсияга чыгуу курагын төмөндөтүү боюнча акциялар өткөн. Акциянын катышуучулары өкмөттү жана президентти пенсия курагын мындан ары көбөйтүүгө мораторий киргизүүгө жана ардактуу эс алууга 58 жаштан чыгаруу мүмкүндүгүн кароого чакырышкан.