• Бейшемби 18 Кулжа 2026
  • Четверг 18 Июнь 2026

Казакстан Сенаты Биринчи президенттин күнүн мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарды

22 Аяк оона 202214:25 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Сенаты Биринчи президенттин күнүн мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Документ президент Касым-Жомарт Токаевдин кол коюусуна жөнөтүлдү.

Мыйзамда Биринчи президенттин күнү мамлекеттик майрамдардын тизмесинен чыгарылгандан кийин Мамлекеттик белгилердин күнү сыяктуу «коомдук маанидеги дата» катары калары белгиленген. Мындан тышкары мыйзам менен 25-октябрь — Республика күнү калыбына келтирилип, ага улуттук майрам макамы берилди. Ал эми 16-декабрь — Эгемендик күнү мамлекеттик майрамдардын катарына кошулду.

2011-жылдын 10-декабрында парламент «Майрамдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизип, 1-декабрды Биринчи президенттин күнү деп бекиткен. Депутаттар мындай чечимди өлкөнүн ошол кездеги президенти Нурсултан Назарбаевдин «мамлекетке кылган кызматын көрсөтүү үчүн» кабыл алышканын айтышкан.

25-октябрда белгиленип келген Республика күнү 2009-жылы майрамдардын тизмесинен чыгарылган.

Бүгүнкү күндө 16-17-декабрь күндөрү белгиленген Казакстандын Эгемендик күнү улуттук майрам болуп эсептелет.

Количество просмотров: 69