• Бейшемби 9 Бугу 2024
  • Четверг 9 Май 2024

Казакстан: Учак кырсыгында 2 киши каза болду

2 Тогуздун айы 2023 9:16 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Караганды облусунда бир моторлуу учак кыйрап, эки киши каза болду. Кырсык 30-сентябрь күнү эртең менен авиациялык «Балапан» окуу-машыгуу борборунда катталган.

Жарандык авиация комитетинин маалыматына караганда, кырсыкта буга чейин 1 000 сааттан ашык учкан инструктор жана аскердик институттун курсанты каза тапты.

«UP-LA286 үлгүсүндөгү учакка асманга көтөрүлүүгө жарактуулугу тууралуу сертификат 2020-жылы июнда берилген. 2011-жылы чыккан учак Казакстандын Жарандык учактарынын реестрине 2020-жылы майда катталган», – деп жазылган комитеттин билдирүүсүндө.

Учак кырсыгына байланыштуу Казакстандын авиациялык администрациясынын башкы директору Каталин Раду чукул жыйын өткөргөнү кабарланды.

Азырынча кырсыктын себептери айтыла элек.

«Балапан» окуу-машыгуу борбору авиациялык персоналды даярдайт. Анда акыркы текшерүү 2022-жылы ноябрь айында жүргүзүлгөн.

Количество просмотров: 63