• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстан: университетте аялдар маршын өткөрүүгө уруксат берилген жок

11 Жалган куран 2024 15:54 Бишкек Govori.TV

Казакстандагы Сулейман Демирел университетинде (СДУ) студенттерге аялдардын жүрүшүн өткөрүүгө уруксат берилбей, алардын 8-март алдында гендердик маселелер боюнча илген баракчалары жыртылды.

Студенттердин бири “Азаттыктын” казак кызматына билдиргендей, алар жүрүш аркылуу гендердик көйгөйлөргө басым жасап, өз пикирлерин билдирүүнү каалашкан.

«Биз бүткүл дүйнөгө 8-Март гүлдөрдүн жана концерттердин күнү эмес экенин түшүндүргүбүз келди. Куугунтукка, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган ар бир аялды колдоп, мамлекет алардын көйгөйлөрүн чечпесе да, биз аларды кубаттоого даяр экенибизди көрсөткүбүз келди. Университет уруксат алуу керек деген жүйө менен акцияны өткөрүүгө уруксат берген жок. Ансыз деле өлкөдө аялдардын үнүн уга турган аянтча жок. Ошондуктан университеттин имараты биз үчүн ушундай аянтча болуп калат деп үмүттөнгөнбүз», — деди атын атагысы келбеген студенттердин бири.

СДУ университети 1996-жылы декабрда Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев менен Түркиянын экс-президенти Сулейман Демирел тарабынан ачылган.

Мурдараак Казакстандын Жаштар маалымат кызматы Назарбаев университетинин студенттерине 8-мартта аялдардын жүрүшүн өткөрүүгө тыюу салынганын билдирген.

Количество просмотров: 60