• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Казакстан Өзбекстан менен Тажикстандын 51 жаранын депортациялады

15 Кулжа 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Түркстан облусундагы Отырар райондук полициясы өлкө аймагында мыйзамсыз жүргөн 51 чет өлкөлүк жаранды аныктады. Бул тууралуу Түркстан облустук полиция департаменти кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, чет өлкөлүктөр Караконыр айыл аймагынын талааларында дарылык касиетке ээ чайыр (ферула) чөбүн терип жүрүшкөн. Алардын 31и Өзбекстандын, 17си Тажикстандын жарандары болушкан.

Кармалгандарга карата «Чет өлкөлүктүн же жарандыгы жок адамдын Казакстан Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуусу» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, соттун чечими менен өз мекендерине депортацияланышты.

Количество просмотров: 133