• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстан жумуртка импортуна алты айга чектөө киргизүүнү пландоодо

19 Бирдин айы 2024 16:31 Бишкек Govori.TV

Казакстан үчүнчү өлкөлөрдөн жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдөн тооктун жумурткасын импорттоого убактылуу тыюу салууну пландоодо. Тиешелүү буйруктун долбоору «Ачык НКА» порталына жарыяланды.

«Казакстандын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн автотранспорт менен тоок жумурткаларын ташып келүүгө алты айга тыюу салынсын», — деп жазылган документте.

Статистикага ылайык, 2024-жылдын 1-январына карата Казакстанда 56,5 миллион тоок катталды, бул өткөн мезгилге салыштырмалуу 13,8 пайызга көп.

2023-жылы өлкөдө 4,9 миллиард даана жумуртка өндүрүлгөн (2022-жылы бул көрсөткүч 5 миллиард даананы түзгөн).

Өкмөттүн негиздемесинде жеке өндүрүш аркылуу ички базарды канааттандыруу 98% түзгөнү белгиленген.

Документ 1-мартка чейин коомдук талкууда болот.

ЕАЭБге беш өлкө мүчө: Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусия.

Былтыр ноябрь айында «Аграрный сектор» агрардык журналы Казакстанда жумуртка өндүрүү дээрлик эки пайызга төмөндөп, бир жыл ичинде баалар 14 пайызга кымбаттаганын жазган.

Количество просмотров: 60