• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Казакстан зилзаладан жапа чеккен Ооганстанга куткаруучуларын жөнөттү

11 Тогуздун айы 2023 9:17 Бишкек Govori.TV

Кыйраткыч жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн Ооганстанга казакстандык куткаруучулар тобу жөнөп кетти.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы 10-октябрда билдиргендей, 45 кишиден турган топтун курамында куткаруучулардан тышкары кинологдор жана дарыгерлер бар.

7-октябрда Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында күчү 6,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Зилзала 2445 адамдын өмүрүн алганын «Талибан» өкмөтү түзгөн табигый кырсыктарды башкаруу бөлүмү билдирди.

Дагы эки миңден ашуун адам жаракат алган.

Количество просмотров: 86