• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Казакстанда 1-класста дароо үч тилди окутуу эрежеси жоюлду

17 Баш оона 2022 9:05 Бишкек Govori.TV

Казакстанда жаңы окуу жылынан тарта 1-класстын окуучулары мурдагыдай дароо үч тилди эмес, казак тилин гана окуй башташат. Бул тууралуу өлкөнүн агартуу министри Асхат Аймагамбетов өкмөттүн 16-августтагы жыйынында билдирди.

«Балдар 1-класста казак тилин гана окушат. Анткени орус жана англис тилдерин үйрөнүү үчүн алгач алар өз тилинде окуганды жана жазганды билиши керек. Окуучуларга дароо үч тилди окуу оор болуп калууда. Алар орус тилин 2-класстан, англис тилин 3-класстан тарта окуй башташат», – деди министр.

Ошол эле маалда орус класстардын окуучулары 1-2-класста орус жана казак тилдерин окуп, англис тилин 3-класстан тарта үйрөнө башташат.

Буга чейин Казакстанда окуучулар 1-класстан баштап дароо үч тилди окуп келишкен: казак, орус жана англис. Англис тилин 1-класстан баштап окуу эрежеси 2012-жылы кирген.

Количество просмотров: 268