• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Казакстанда 11 кызматкер түрмөдөгү адамдарды кыйноого алган

4 Чын куран 2024 15:46 Бишкек Govori.TV

Улытау облусунун Жезказган шаарындагы №62 абакта 11 кызматкер камактагы адамдарды кыйноого алган. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Облустук прокуратуранын Тергөө башкармалыгы ИИМдин Жаза аткаруу башкармалыгынын жана Улуттук гвардиянын No6505 аскер бөлүгүнүн кызматкерлерине карата козголгон ишти тергеген.

Прокуратуранын маалыматы боюнча, жаза-аткаруу мекемесинин жети кызматкери жана аскер бөлүктүн төрт кызматкери «соттолгондорду басмырлоо максатында бул мекемеде жазасын өтөп жаткан 11 соттолуучуга карата коркутуп-үркүтүү жана зомбулук көрсөтүү жолу менен кыйноо көрсөтүшкөн».

Кызматкерлер жасаган иштерин укук коргоо органдарынан жашырып, соттолгондор баш ийбегенин, ошондуктан аларга катуу мамиле жасалганын айтышкан.

Шектүүлөр ээлеген кызматынан убактылуу четтетилди. Алардын иши 26-мартта сотко жөнөтүлгөн.

Эл аралык уюмдар Казакстандын укук коргоо кызматкерлери кармалган, камакка алынган жана жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарга карата кыйноо колдонорун такай билдирип, бул көрүнүш кеңири жайылганын белгилеп келет.

Укук коргоочулар кыйноо фактылары сотко жетпей эле жабылып калып жатканына нааразы.

Эл аралык уюмдар жана казакстандык укук коргоочулар Астананы абактар менен тергөө жайларынын абалына көңүл бурууга чакырып келишет. Казак бийлиги кыйноо көйгөйү бар экенин жарым-жартылай моюнга алып, аны жоюу боюнча жигердүү аракеттерди көрүп жатканын билдирүүдө.

Количество просмотров: 62