• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Казакстанда 12-июнь аза күтүү күнү деп жарыяланды

12 Кулжа 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

Казакстанда 12-июнь – Абай облусундагы өрттө каза болгондорго аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев 11-июнда өрттө мерт болгондордун жакындары менен жолукканда билдирди.

«Мен сиздерге көңүл айтайын деп атайын келдим. Бул биздин жалпы элибиз үчүн чоң трагедия, жоготуу. Мындай оор күндө күчтүү болуңуздар. Кайгыңыздарды тең бөлүшөм. Өкмөткө финансылык же башка керек болгон бардык жардамды берүүнү тапшырдым. Эгер өкмөткө же жеке мага айта турган кайрылууңар болсо, айткыла. Алардын баарын жасайбыз», — деди Токаев.

Азырынча каза болгондордун жакындары кандай сөздөрдү айтып, өкмөттөн эмне сураганы белгисиз.

11-июнда Казакстандын Экология министрлиги өзгөчө коргоого алынган «Семей токоюндагы» өрттө каза болгон токойчулардын аты-жөнүн сүрөттөрү менен жарыялап, алардын жакындарына көңүл айтты. Тизмеде 14 киши, анын ичинде бир аялдын ысымы бар.

Өрт чалган аймактын жалпы аянты 60 гектардан ашуун. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн аянтынын чоң болгону, аба ырайынын ысыктыгы жана шамал аны өчүрүүгө тоскоолдук жаратып жатканын билдирүүдө.

11-июнда эртең менен алынган маалыматка ылайык, беш аймакта өрт өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Токой чарба комитетинен, жергиликтүү аткаруу органдарынан жана Коргоо министрлигинен 1500гө жакын адам жана 290дон ашык техника тартылган. Өрт башталгандан бери абадан 486 жолу жалпы көлөмү 1000 тоннага жакын суу чачылган.

Ишембиде президент Касым-Жомарт Токаев Юрий Ильинди өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотуп, анын ордуна Сырым Шарипхановду дайындаган.

Количество просмотров: 165