• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казакстанда 15 жыл камакта отуруп чыккан диссидент акын Арон Атабек каза болду

25 Жетинин айы 2021 9:04 Бишкек Govori.TV

Алматыда 68 жаш курагында акын, диссидент Арон Едигеев дүйнө салды. Бул маалыматты «Азаттыктын» казак кызматына маркумдун бир тууганы Разия Нутышева ырастады.

Атабек деген адабий ысымы менен белгилүү акын 23-ноябрда шаардык ооруканалардын биринде көз жумду. Ал коронавирус инфекциясы өтүшүп кеткенден кийин 20-октябрда реанимацияга жаткырылган. Кийин комага түшүп, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Өмүрүнүн акыркы 15 жылын Атабек түрмөдө өткөргөн. Ага 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айып тагылып, 18 жылга кесилген. Атабек күнөөсү жоктугун айтып келди. 2012-жылы айыпты моюнга алып, бийликтен ырайым суроо сунушунан баш тарткан.

Ал быйыл 1-октябрда «саламаттыгына байланыштуу» деген аныктама менен абактан бошотулган.

Маркум түрмөдө аны сабап, кыйнап, начар шартта кармашканын айтып келген. Атабек аны «өлсүн» деп кое беришкенин айтканы бар.

Укук коргоочу уюмдар акынды саясий туткун деп таанышкан.

Количество просмотров: 319