• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Сурабалдиева Аскат Жетигенди абактан чыгарууну сунуштады

25 Кулжа 202614:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-июнда ЖКнын жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева №27 абакта жазасын өтөп жаткан акын Аскат Жетигенди эркиндикке чыгаруу демилгесин көтөрдү.

Депутат Аскат Жетиген кармалгандан кийин сабалганы тууралуу да маалыматы бар экенин айтты.

“Акындарыбыз камалбасын. Мүнөзү курч кыргыздар сүйлөп койсо куугунтукталбасын. Парламентте 90 депутатты сөккөн окуялар деле болду. Ал адамды деле кечирип жүрбөдүк беле. Ошондуктан ошол жигитти бошотуп берсеңиздер деп кайрылат элем”, — деди ал.

Количество просмотров: 14