Бишкек.19.05.2019.Govori.TV.
Казакстандын Түркистан облусуна жаңы аэропорт салынат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Жаңы аба майданы түрк компаниясы тарабынан бир жарым жылда салынып бүтөөрү пландалууда.
Аталган аэропортго түрк компаниясы 70 млн Акш доллардан ашык инвестиция которот.
Андан тышкары, аба майданы эл аралык стандарттарга ылайыкталып, 2020-жылы ачылышы пландалууда. Ага ылайык, 3 млн жүргүнчүнү тейлеген аэпопорттордун бири болоору айтылган.