• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Казакстанда 5 жаштагы кыздын өлүмүнөн кийин райондук соттун төрагасы кызматтан алынат

19 Теке 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Беш жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Түркстан облусундагы Сарыагаш райондук сотунун төрагасы кызматтан алынат. Бул тууралуу Казакстандын Жогорку сотунун басма сөз кызматы билдирди.

«Жогорку сот быйыл май айында беш жаштагы кызды өлтүрүүгө шектелген адамга карата мыйзамсыз өкүм чыгаруу фактысы боюнча кызматтык териштирүү жүргүздү. Жыйынтыгында Түркстан облусундагы Сарыагаш райондук сотунун төрагасын кызматтан алуу демилгеленди», – деп жазылган Жогорку соттун билдирүүсүндө.

13-июлда Түркстан облусунун Сарыагаш районунда беш жаштагы кыз мыкаачылык менен өлтүрүлүп, шектүү катары 48 жаштагы киши кармалган. Ага «Адам өлтүрүү» жана «Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракети» беренелери боюнча айып тагылып, эки айга камакка алынган.

Анда шектүү 2006-жылы да адам өлтүргөнү үчүн 10 жылга соттолгону кабарланган. 2023-жылы май айында ал мас абалында айылдашы менен урушуп, аны балта менен чапкан. Райондук сот тараптар элдешкенин жана айыпталуучунун буга чейинки соттуулугу жоюлганын жүйө кылып, анын эркиндигин үч жылга чектөө жана пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган.

Количество просмотров: 96