Казакстандын Акмоло облусундагы Астана-Щучинск трассасында кагылышкан унаанын саны 95ке жетти. Бул тууралуу Tengrinews.kz «Казавтожол» улуттук компаниясынын маалыматына таянып жазды.
Ал эми Акмоло облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык бүгүн, 3-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 13:30 чамасында аба ырайынын начарлашынан – кар күрткүсүнөн жана жолдор көрүнбөй калгандыктан болгон.
Учурда окуя болгон жерде милиция кызматкерлери жана «Казавтожолдун» адистери иштеп жатышат.
Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат бериле элек.